Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үстүндө кийими жок, кийимсиз. Күз айларында да бел кырчоого чейин жылаңач туруп иштөөгө туура келет (Абдукаримов). Кээде шүүдүрүмдүн бүркүндүсү жылаңач балтырына себилет (Сыдыкбеков). || Кийим-кечеси жок же абдан начар, жыртык-тешик, жетишсиз. Иштебей койсо ач калат, жылаңач болот (Сыдыкбеков). 2. Бетинде, боорунда эчтеме жок, бак-дарак, өсүмдүк өспөгөн (жерге карата). Сары-Аркаң суусуз чөл экен, Жылаңач жаткан жер экен («Манас»). Жылаңач тоолордун түнөргөн капалуу түрү жолоочулардын көңүлүн ого бетер куса кылды (Абдукаримов). 3. Жалбырагы түшкөн (бак-даракка карата), жасалгасынан, жабуусунан ажыраган (үй-жайга карата). Жылаңач теректер. Жылаңач үй. 4. Жүнү жок, жүнү түшкөн. Жүгүрсө ок жетпеген, Жүнү тайкы жылаңач (Калык). Метис козу жылаңач болот экен («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзүндө эч нерсе калбаса да колунда барын аябаган, эч нерседен тартынбаган, бир нерсеге кыйылып, кылчактап отурбастан шар кеткен, март, берешен. Тезекбай ырчы тамырынын жылаңач баатыр, жоомарттыгына бу саам дагы топуктанды (Бейшеналиев). Сапарбек башына кандай кара кун тууса да бир кайышпай турган жылаңач баатыр (Элебаев). Качыке деген жылаңач баатыр ушул (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзүндө эч нерсе калбаса да, колундагысын аябаган берешен, колу ачык, март. Бир кезде мен дагы жылаңач баатыр элем («Ала-Тоо»). Тоозак болсо кедейлердин арасында жылаңач баатыр (Абдукаримов). Тезекбай ырчы тамырынын жылаңач баатыр, жоомарттыгына бу саам дагы топуктанды (Бейшеналиев). Сапарбек башына кандай кара күн тууса да бир кайышпай турган жылаңач баатыр (Элебаев). Качыке деген жылаңач баатыр ушул (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч токтоосуз, буйдалбастан, шыдыр, шар. Жылаңач төөнү бучкакка чапкандай жооп берди. В.: Жылаңач төөнү бутка чапкандай. Жоодар жылаңач төөнү бутка чапкандай сүйлөдү. Жылаңач төөнү шыйракка чапкандай. Жылаңач төөнү шыйракка чапкандай шар кетти. Күлүк атты бучкакка чапкандай. Күлүк атты бучкакка чапкандай айдатып сүйлөгөн эле (Өмүрбаев).